Казакстан менен Түркмөнстан чек араны мыйзамдуу каттоону аяктоо келишимине кол койду

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эки күндүк расмий сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен борбор шаар Ашхабадда жолугушту.

1724751
Казакстан менен Түркмөнстан чек араны мыйзамдуу каттоону аяктоо келишимине кол койду

Казакстан менен Түркмөнстан кургактык жана деңиз чек араларын мыйзамдуу каттоону аяктоо тууралуу келишимге кол коюшту.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эки күндүк расмий сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен борбор шаар Ашхабадда жолугушту.

Жолугушуулардан кийин Токаев менен Бердымухамедов биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасашты.

Токаев өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосунда көптөгөн тармакта келишимдерге кол коюлганына көңүл буруп: «Алардын арасында казак-түркмөн мамлекеттик чек арасы жана Каспий деңизиндеги жанаша балык кармоочу аймактарды белгилөө боюнча келишим, ошондой эле өкмөттөр аралык чек ара режими жөнүндө келишим чоң мааниге ээ. Ошентип, биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кургактык жана дениз чек арасын мыйзамдуу каттоону аяктайбыз. Бул саясий мааниге ээ»,-деп айтты.

Түркмөнстандык кесиптеши менен транспорт жана транзит тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулаганын билдирген Токаев:«Казакстан-Түркмөнстан-Иран автожолунун толук кандуу иштетилиши негизге милдет катары аныкталды»,-деди.

Бердымухамедов болсо Түркмөнстандын Карабогаз булуңу аркылуу Казакстанга унаа жолу менен жетүү үчүн көпүрө курууга карай демилгесин кеп кылды.

Сапардын алкагында Казакстан менен Түркмөнстандын ортосунда мамлекеттик чек араларды аныктоо менен катар коргонуу, соода, транспорт, жүк ташуу, айыл чарба, экология, телекоммуникация, маалымат, билим берүү жана маданият тармактарын камтыган кызматташтык келишимдерине кол коюлду.



Тектеш кабарлар