«Физули» аэропорту Эрдогандын катышуусу менен ачылат

Азербайжан армян баскынчылыгынан бошотулган жерлеринде алгачкы ири долбоордун ачылышына күн санап жатат.

1724063
«Физули» аэропорту Эрдогандын катышуусу менен ачылат

Азербайжандагы Эл аралык «Физули» аэропорту президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда 26-октябрда ишке берилет.

Азербайжан армян баскынчылыгынан бошотулган жерлеринде алгачкы ири долбоордун ачылышына күн санап жатат.

Физули шаарында түрк жана азербайжандык инженерлердин биргелешкен аракети менен аэропорт курулду.

14-январда пайдубалы түптөлгөн аэропорт 124 гектар жерге курулган. Аэропорттун узундугу 3 километр, туурасы 60 метр келген чоң учуу тилкеси бар.

Борбор шаар Баку менен Физулинин ортосундагы транспортту жарым саатка кыскарта турган аэропорт, камсыздоо жана логистика иштеринде аймак үчүн өтө маанилүү болот.

Президент Эрдоган оккупациядан бошотулган жерлерге биринчи расмий сапар жасаган мамлекет башчысы болгон.

Эл аралык «Физули» аэропорту 26-октябрда президент Эрдогандын катышуусунда өткөрүлө турган азем менен пайдаланууга берилет.

аэропортто биринчи расмий тосуп алуу аземи Президент Эрдоган үчүн өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар