Өзбекстан Афганистандын кышка даяр болбошунан тынчсызданууда

Президент Мирзиеев  24 -  октябрда  өтө турган президенттик шайлоонун негизинде борбор шаар Ташкентте жарандар менен өткөргөн жолугушууда коңшу Афганистандагы абал тууралуу маалыматтарды берди.

1721988
Өзбекстан Афганистандын  кышка даяр болбошунан тынчсызданууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Афганистан тууралуу эң чоң маселенин бул кыштан ачкачылык болбостон, согушсуз чыгуу  экендигин айтты. 

Президент Мирзиеев  24 -  октябрда  өтө турган президенттик шайлоонун негизинде борбор шаар Ташкентте жарандар менен өткөргөн жолугушууда коңшу Афганистандагы абал тууралуу маалыматтарды берди. 

Акыркы 5 жылда коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелерде олуттуу ийгиликтерге жетишкендерин белгилеген Мирзиеев: "Коңшуларыбыз менен болгон мамилебизди көрүп жатасыздар.  5 жыл сыяктуу кыска убакыттын ичинде чоң иштерди аткардык. Афганистан маселеси бизди ойлондурууда. Эң чоң маселе - Афганистандын быйылкы кышты ачкачылык болбостон, согуш болбостон өткөрүшү. Афганистанда бийликке келген жаңы күчтөр да өз элин ойлойт деп ишенем",- деди. 

Ковид-19дун экономикага тийгизген терс таасирине токтолгон Мирзиеев дүйнөлүк экономиканын буга чейин мындай олуттуу сыноого туш болбогонун баса белгиледи.

Ковид  - 19дун өнүккөн өлкөлөрдү да кыйын абалда калтыргандыгын айткан Мирзиеев : "Ушундай кырдаалда да экономиканы бекем карап, чоңойтууда ийгиликтүү болдук",- деди. 

 



Тектеш кабарлар