Түркия жөнөткөн Ковид-19 вакциналары жана дары-дармектери Өзбекстанга жетти

Учактан түшүрүлгөн 200 миң доза Sinovac вакцинасы жана 20 миң Фавипиравир дарысы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

1718860
Түркия жөнөткөн Ковид-19 вакциналары жана дары-дармектери Өзбекстанга жетти

Түркиянын Өзбекстанга коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн берген 200 миң доза Sinovac вакцинасы жана 20 миң Favipiravir дарысы Ташкентке жетти.

Түрк аба жолдорунун (THY) учагы менен Стамбулдан Ташкентке жеткирилген вакциналарды тапшырууга Өзбекстандын Саламаттык сактоо министринин 1-орун басары Амрулла Инаятов, Коомдук саламаттык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысынын орун басары Ботыр Курбанов, Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар жана башка жетекчилер катышты.

Учактан түшүрүлгөн 200 миң доза Sinovac вакцинасы жана 20 миң Фавипиравир дарысы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

Курбанов өз сөзүндө Түркия берген 200 миң доза Ковид-19 вакцинасы жана 20 миң дары эпидемия менен күрөшүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жардам үчүн түрк элине жана өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Элчи Бекар да бул жардамдын эки элдин ортосундагы тилектештиктин белгиси катары жөнөтүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар