Казакстан эл аралык телефон кодун өзгөртүүдө

Казакстандын санариптик өнүгүү, инновация жана космостук өнөр жай министри Багдат Мусин билдирүү жасады.

1708745
Казакстан эл аралык телефон кодун өзгөртүүдө

Казакстан Советтер Союзу кулагандан кийин Россия менен биргеликте колдоно баштаган эл аралык телефон кодун +7ден +997ге өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Казакстандын санариптик өнүгүү, инновация жана космостук өнөр жай министри Багдат Мусин социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Эл аралык Телекоммуникация биримдигинде +997ни өлкөсүнүн жаңы эл аралык телефон коду катары сакташканын маалымдады.

СССР кулагандан кийин +7 эл аралык телефон кодунун Казакстанда да, Россияда да катталганын билдирген министр Мусин: «Казакстандын өзүнүн эл аралык телефон терүү коду болушу үчүн биз жыл бою жүргүзгөн сүйлөшүүлөр оң натыйжаларга алып келди. Эми сиз биздин өлкөдөн чет өлкөгө чалганда, Казакстан деген сөз экранга чагылат»,- деди.

Казакстандын 2023-жылдан тарта жаңы эл аралык телефон кодуна өтүүсү пландалууда.



Тектеш кабарлар