Казакстанда Абай күнү
Нур-Султандагы "Абай Кунанбаев" эстелигинин алдында расмий азем болуп өттү.
1689370
10 -август - Казакстандын эл акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин туулган күнү.
10 -август Казакстанда "Абай күнү" катары белгиленүүдө.
Бул алкакта борбор шаар Нур-Султандагы "Абай Кунанбаев" эстелигинин алдында расмий азем болуп өттү.
Өткөн жылы Казакстан өкмөтүнүн чечими менен 10 -август "Абай күнү" деп жарыяланган жана майрам күндөрдүн тизмесине кошулган.
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ дагы 2020 -жылды "Абай Кунанбаев жылы" деп жарыялады.