Азербайжан : "Армения ок атышпоого баш ийбей жатат"

Азербайжандын коргоо министрлиги Армениянын кол салууларын улантып жаткандыгын жарыялады.

1681494
Азербайжан : "Армения ок атышпоого баш ийбей жатат"

Азербайжандын коргоо министрлиги өлкөсүнүн Армения чек арасында Россиянын ок атышпоо чакыруусун кабыл алгандыгын бирок Армениянын буга баш ийбестен кол салууларын улантып жаткандыгын жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта Азербайжандын жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө Россиянын ок атышпоого карата чакыруусун кабыл алгандыгы билдирилди. Бул чакырууга карабастан Армениянын Азербайжан позицияларына карата кол салууларын улантып жаткандыгына орун берилди. Маалыматта : «Армения тарабы кошумча танктар жана 120 миллиметрдик минометторду колдонуп, абалды начарлатууга жана позицияларыбызга ок атууну улантууда»,- деп билдирилди.

Министрликтин башка бир билдирүүсүндө да Азербайжан армиясынын Арменияга таандык куралдуу күчтөрдүн бүгүн түнү Келбежер багытында баштаган көкүтүүчү аракеттерине карата таштаган кадамдарынын улантылып жаткандыгы маалымдалды. Ошондой эле маалыматта : «Армениянын аскердик жана саясий башкаруусун эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абалын көкүтүүлөрдөн жана атайын начарлатуудан алыс турууга,  мамлекеттик чек аралардын белгилениши тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырабыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта Армениядагы жарандар жашаган аймактарга зыян келтирилгендиги билдирилген кабарлардын да негизсиз экендиги жана толугу менен жаңылтуучу экендиги баса белгиленип, чек арада күч алган чыңалуунун бардык жоопкерчилиги Арменияда экендиги билдирилди.

Азербайжандын коргоо министрлиги бүгүн эрте менен берген маалыматта Армения аскерлеринин эки өлкө чек арасындагы Келбежер багытында Азербайжан позицияларына ок атып 2 Азербайжан аскеринин жаракат алгандыгын жарыялаган. Армениянын коргоо министрлиги болсо чыккан кагылышууларда 3 аскеринин өлтүрүлгөндүгүн, 2 аскеринин жаракат алгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар