Азербайжан делегациясы алгачкы жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Делегацияны президент Эрсин Татар, Республикалык Парламенттин спикери Өндер Сеннароглу жана премьер  - министр Эрсан Санер  кабыл алды.

1676692
Азербайжан делегациясы алгачкы жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Азербайжан Улуттук Парламентинин тышкы иштер жана парламенттер аралык карым  - катнаштар комитетинин делегациясы алгачкы жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барды. Делегацияны президент Эрсин Татар, Республикалык Парламенттин спикери Өндер Сеннароглу жана премьер  - министр Эрсан Санер  кабыл алды.

Самед Сейидовдун жетекчилигиндеги делегацияны биринчи болуп президент Эрсин Татар кабыл алды. Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Татар Түркиянын Азербайжан менен жакындыгын кубанычтуу кабыл алгандыгын айтып : «Бир улут үч мамлекетпиз. Баарыбыз түрк тектүүбүз»,- деди. Татар Азербайжанда шейиттердин болгондугун, зулумчулук жана кыйынчылыктардын болгонун белгилеп : «Сиздердин кыйынчылыгыңыздар биздин  да кыйынчылыгыбыз болду»,- деди.

Азербайжан Улуттук Парламентинин тышкы иштер жана парламенттер аралык карым  - катнаштар комитетинин төрагасы Сейидов да : «Түркиянын күчү, Азербайжандын күчү, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын күчү»,- деп түрк дүйнөсүнүн биригүүсүн каалады.

Андан кийин Республика Парламентинин спикери Сеннароглунун кабыл алуусунда да  : «Биз бир улут эки мамлекетпиз, үчүнчүсү да бул жерде»,- деген Сейидов бүгүн Түркиянын жана Азербайжандын күчү менен күчтөнүшкөндөрүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын күчтөнүшү менен бардык түрк дүйнөсүнүн күчтөнөрүн айтты.

Сейидов премьер  - министр Санердин кабыл алуусунда Европа кеңешинде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын жана адилеттикти коргошорун белгиледи.  



Тектеш кабарлар