Нур Султанда "Сирия" темалуу 16-Астана жыйналышы башталды

Кепил өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр Түркия убактысы боюнча саат 07: 00дө эки тараптуу жана үч тараптуу техникалык жолугушуулар менен башталды.

1671363
Нур Султанда "Сирия" темалуу 16-Астана жыйналышы башталды

Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары Казакстандын борбору Нур Султанга Сирия боюнча 16-Астана сүйлөшүүлөрүнө чогулушту.

Кепил өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр Түркия убактысы боюнча саат 07: 00дө эки тараптуу жана үч тараптуу техникалык жолугушуулар менен башталды.

Сирия боюнча 16-Астана сүйлөшүүлөрүндө түрк делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Сирия боюнча башкы директору Селчук Үнал жетектейт.

Орусияны президент Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Иранды тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Али Асгар Хажы, Сирия режиминин тышкы иштер министринин орун басары Айман Сусан жана аскерий оппозицияны Ахмет Тума жетектөөдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен менен Ирак, Иордания жана Ливан байкоочу макамы менен сүйлөшүүлөргө катышат.

Эки күнгө созула турган жыйналыштарда Сириядагы учурдагы кырдаал, гуманитардык жардам жеткирүү, Сириянын Конституциялык комитетинин Женевада ишин жандандыруу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө сыяктуу ишеним чаралары негизги күн тартибиндеги маселелер болот.

Буга кошумча, кепил өлкөлөрдүн, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын жана Эл аралык Кызыл Чырымдын делегацияларынын ортосунда мажбурлап камакка алынгандар боюнча жумушчу топтун жыйыны өткөрүлөт.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү 2017-жылы Түркия, Россия жана Ирандын кепилдиги астында Сирия кризисине чечим табуу максатында башталган.



Тектеш кабарлар