Астана сүйлөшүүлөрү эртең башталат

Жыйындарга Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы менен катар Иордания, Ливан жана Ирак байкоочу катары катышат.

1670968
Астана сүйлөшүүлөрү эртең башталат

Сирия боюнча 16-Астана сүйлөшүүлөрү 7-8-июль күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султанда өткөрүлөт.

Жыйындарга Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы менен катар Иордания, Ливан жана Ирак байкоочу катары катышат.

Сириядагы учурдагы кырдаал, гуманитардык жардам жеткирүү, Женевадагы Сирия Конституциялык комитетинин ишин жандандыруу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө сыяктуу ишенимди бекемдөөчү чаралар да күн тартибинин негизин түзөт.



Тектеш кабарлар