Азербайжан мина карталарын берген Арменияга 15 жаранын кайтарып берди

Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

1669364
Азербайжан мина карталарын берген Арменияга 15 жаранын кайтарып берди

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 92 миң минанын карталарына айырбаштоо үчүн өлкөдө кармалган 15 адамдын Арменияга экстрадицияланганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, бир кезде Армения басып алган Физули жана Зангилан провинцияларына коюлган 92 миң танкка каршы жана жөө аскерлерге каршы миналардын карталарын Азербайжанга жеткиргени кабарланган.

Азербайжан тарап ошондой эле өлкөдө кармалган 15 Армения жаранын өткөрүп бергени маалымдалды.

Экстрадиция процесси Орусиянын демилгеси менен ишке ашканы белгиленди.

Азербайжан буга чейин Агдам провинциясында коюлган 97 миң минанын карталары үчүн 15 адамды Арменияга өткөрүп берген болчу.



Тектеш кабарлар