Алиев: «Тынчтык келишимине даярдануу керек»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 26-июнь Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө байланыштуу армиянын командирлик рангасы жана улук офицерлери менен жолугушту.

1665433
Алиев: «Тынчтык келишимине даярдануу керек»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселеси чечилгенин белгилеп, «Чек ара тилкесин аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлүшү зарыл. Тынчтык келишимине даярдануу керек»,-деди.

Алиев 26-июнь Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө байланыштуу армиянын командирлик рангасы жана улук офицерлери менен жолугушту.

Азербайжан армиясынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгы менен жоокерлерди куттуктаган Алиев, өз сөзүндө Карабах согушуна алып барган жараяндан жана 30 жылдык оккупацияны токтотуу менен жерлерди бошотуу жөнүндө сөз сүйлөдү.

Азербайжан армиясын мындан ары дагы чыңдай беришерин белгилеген Алиев, Армения өзүнүн душмандык саясатынан баш тартпаса, анда аскерий кубатын, талкаланган жана жок кылынган армиясын гана эмес, экономикалык ишин дагы калыбына келтире албастыгын белгиледи.

Армениянын өнүгүүсүнүн бирден-бир жолу - коңшулары менен кадимкидей мамиле түзүп, аймактык дооматтарынан баш тартуу экендигин баса белгилеген Алиев: «Алар эч качан Тоолуу Карабах деген сөздү колдонбошу керек. Тоолуу Карабах деген административдик бирдик болбогондуктан, Тоолуу Карабах маселеси деген термин да жок. Муну көп жолу айттым жана дагы бир жолу айтамын, Тоолуу Карабах маселеси чечилди. Чек ара сызыгын аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлүшү зарыл. Тынчтык келишимине даярдануу керек»,-деп айтты.

Куралдуу күчтөр күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов да, армиянын жогорку кайраттуулукту жана патриоттуулукту көрсөтүүсүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) ролу чоң экендигин айтты.

Хасанов, «Согуш бул армия үчүн сыноо болуп саналат. ТКК бизди бул сыноого даярдады»,-деди.



Тектеш кабарлар