Казакстан Антальяга учак каттамдарынын санын көбөйттү
7-июндан тарта авиакомпаниялар Казакстандан Антальяга жумасына 8 рейс жүргүзөт.
Казакстан 7-июндан тарта Антальяга учак каттамдарынын санын жумасына 8ге жеткирүүнү чечти.
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Ковид-19 боюнча өкмөттүк комиссиянын жаңы чечимине ылайык, өлкөдөгү эл аралык каттамдарда Түркия жана Өзбекстанга учак каттамдарынын саны көбөйөт.
7-июндан тарта авиакомпаниялар Казакстандан Антальяга жумасына 8 рейс жүргүзөт.
Мындан тышкары Өзбекстандын Наманган, Нукус жана Самарканд шаарларына үзгүлтүксүз каттамдар ачылат.
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов буга чейин Түркияга жай айларында көп сандаган жарандар эс алууга келгенин жана ушул жагдайды эске алып Анталияга учкан каттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.