Илхам Алиев Түркиянын билим берүү министрин кабыл алды
Алиев: «Түркия бизге колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөбүз»
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын оккупациясынан бошотулган жерлерде кесиптик лицейлердин курулуусу керектигин белгилеп: «Биз Түркиянын колдоосунан үмүттөнөбүз», деди.
Илхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Азербайжанга барган улуттук билим берүү министри Зия Селчукту кабыл алды.
Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым - катнаштардын берки тармактардагыдай эле билим берүү тармагында да тездик менен өнүгүп жаткандыгын айтты.
Армян баскынчылыгынан бошотулган шаарлардын пландарынын даярдалып жаткандыгын баса белгилеген Алиев: «Пландарда мектептерди куруу каралган. Бир тууганым (Президент) Режеп Таййип Эрдогандын Шушага болгон иш сапарынын алкагында Түркиядан белек катары сунуш кылынган мектептин пайдубалынын түптөлүшү көздөлүүдө»,-деди.
Билим берүү жаатында олуттуу реформаларды жүргүзгөндөрүн белгилеген Алиев: «Түркиянын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү», деп айтты.
Алиев, Түркия менен Азербайжандын ортосунда кесиптик билим берүү жаатындагы ишкердүүлүктүн уланып жаткандыгына кубанычта экендигин баса белгиледи.
Зия Селчук да: «Билим берүүнү өркүндөтүү жана келечектеги программалар боюнча кесиптешим менен эмне керек болсо бардыгын жасайбыз. Эч санааркабаңыздар»,- деди.