Элчи Өмүралиев Элазыг облусунун Соода жана өнөр-жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг облусунун Соода жана өнөр-жай палатасынын төрагасы Асилхан Арслан менен жолугушту.

1645646
Элчи Өмүралиев Элазыг облусунун Соода жана өнөр-жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

2021-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг облусунун Соода жана өнөр-жай палатасынын төрагасы Асилхан Арслан менен жолугушту.

Элчи Өмүралиев курулуш, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактардагы конкреттүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Мындан тышкары, ал өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажы алымдары жок, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, буга байланыштуу Кыргызстанда өндүрүш ачууну сунуштады.

Элазыг Соода-өнөр жай палатасынын башчысы А.Арслан 2021-жылдын 13–14-майында TOВВ делегациясынын курамында Бишкеке иш сапары менен барып келгенден кийин түрк ишкерлери Кыргызстанда келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айтты. Соода жана өнөр-жай палатасынын башчысы жакынкы аралыкта бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыгып, конкреттүү долбоорлор ишке ашырыларына ишенимин билдирди.



Тектеш кабарлар