Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу дүйнөдөн кайтты

2021-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Кайсери шаарындагы ардактуу консулу, журналист, акын, жазуучу Д-р Мустафа Курт 57 жашында дүйнөдөн кайтты.

1644957
Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу дүйнөдөн кайтты
Kırgızistan Fahri Konsolosu Mustafa Kurt 2.jpg
kırgızistan Fahri Konsolosu Mustafa Kurt 4.jpg

2021-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Кайсери шаарындагы ардактуу консулу, журналист, акын, жазуучу Д-р Мустафа Курт 57 жашында дүйнөдөн кайтты.

Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын пресс-картасы ээси, Эл аралык жарандык демилге гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору Мустафа Курт дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштын өнүктүрүлүшүнө чоң салым кошкон Мустафа Курт, эки ирет түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салуу үчүн Кыргызстанды таанытуу саякатын уюштурган. Анкарада жана Түркиянын ар кайсы шаарларында кыргыз жарандарына ар түрдүү көмөк көрсөткөн жана ар түрдүү иш-чараларга катышып,өз салымын кошкон.

Мустафа Курт Башкент платформасынын төрагасы жана Түркия Илимий жана адабий эмгек ээлеринин кесиптик бирикмесинин мүчөсү болгон.

Журналист-акын-жазуучу Мустафа Курт жүздөгөн мыкты кызматтык тактайчаларга, алтын медалдарга жана ар кандай сыйлыктарга татыктуу деп табылды.

Түрк дүйнөсүнө сиңирген эмгеги үчүн Мустафа Куртка Эл аралык вектор илим борборунан Түрк дүйнөсүнө сиңирген мыкты кызматы алтын медалы, Эң мыкты кызмат такта жана Университеттин Ардактуу доктору наамы ыйгарылган.

Маркумдун сөөгү кечээ 24-майда Анкарадагы Солфасол үй-бүлөлүк көрүстөнгө коюлду.

Мустафа Курттун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. Маркум кымбат боордошубуздун ыйманы саламат болсун. Үй бүлөсүнө сабырдуулук тилейбиз.

ТРТ "Түркия үнү" радиосунун Кыргыз кызматы

Эске сала кетчү жагдай Анкарада жашаган кыргыздар Мустафа Курт мырзанын жаркын элесине арнап Хатай облусундагы Токой чарба министрлиги белгилеген жерге көчөт отургузуу үчүн Тема фондуна багыш жасашты.



Тектеш кабарлар