Түрк аба жолдору Түркстанга биринчи каттамын жүргүздү

THY Түркстан шаарына түз учкан биринчи эл аралык авиакомпания болду.

1643705
Түрк аба жолдору Түркстанга биринчи каттамын жүргүздү

Түрк аба жолдору (THY) Түркстанга биринчи каттамын жүргүздү.

THY Казакстандын түштүгүндө жайгашкан жана Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп аталган Түркстан шаарына түз учкан биринчи эл аралык авиакомпания болду.

Казакстандын Жарандык авиация комитетинин билдирүүсүнө караганда, THYнин биринчи Стамбул-Түркстан рейсин жүргүзгөн учагы Түркистан эл аралык аэропортунда тосулуп алынды.

Аэропортто өткөрүлгөн аземге Түркиянын Нур Султандагы элчиси Уфук Экижи, ошондой эле Казакстандын расмий өкүлдөрү жана көптөгөн басма сөз кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарадан кийинки билдирүүсүндө Элчи Экижи THYнин Түркстанга түз учкан биринчи эл аралык авиакомпания болгонуна көңүл буруп: «Стамбул менен Түркстандын ортосунда аба жолу байланышы түзүлдү. Бул каттам алдыга жылып, Түркстан менен өлкөбүздүн ортосундагы мамилелер дагы да жогорулайт деп үмүттөнөм», деди.

THY Стамбул-Түркстан-Стамбул каттамын B-737 тибиндеги учактар ​​менен биринчи этапта жумасына бир жолу андан кийин акырындап бир жумада 2ге жеткирет.



Тектеш кабарлар