Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ататйын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Догандын ишеним грамотасын кабыл алды.

1641075
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды
Sadır Caparov-Büyükelçi Ahmet Sadık Doğan 1 .jpg
Sadır Caparov-Büyükelçi Ahmet Sadık Doğan 2 .jpg
Sadır Caparov-Büyükelçi Ahmet Sadık Doğan 3 .jpg
Sadır Caparov-Büyükelçi Ahmet Sadık Doğan 4 .jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Пакистан Ислам Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Венгриянын, Афганстан Ислам Республикасынын, Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Догандын ишеним грамотасын кабыл алган соң, Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров, элчи Ахмет Садык Доганды дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Ахмет Садык Догандын эл аралык бай тажрыйбасы өлкөлөрдүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кыла тургандыгына ишенимин билдирди.



Тектеш кабарлар