Өзбекстанда айыл чарба министринин кеңешчилигине түрк адиси дайындалды

Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги билдирүү таратты.

1624973
Өзбекстанда айыл чарба министринин кеңешчилигине түрк адиси дайындалды

Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаевдин кеңешчилигине жана министрликтин курамындагы фермерлерди окутуу борборунун директорлугуна Ыспартанын Айыл чарба директорлугунан пенсияга чыккан Мухаммет Седат Колжуоглу дайындалды.

Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Өзбекстанда 2 жылдан бери бир компаниянын башкы менеджери болуп иштеген Колжуоглу Айыл чарба министри Жамшид Хожаев кол койгон чечим менен министрдин кеңешчиси жана министрликтин курамындагы Фермерлерди окутуу борборунун директору болуп дайындалды.

Буга чейин Айыл чарба министрлигинде дыйкандарды окутуу, айыл чарбасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча адис кызматын аркалаган Колжуоглу, министрдин кеңешчиси кызматында өлкөдөгү дыйкандарды окутуу, айыл чарба тармагында инновациялык технологияларды киргизүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Түркиянын айыл чарба тармагындагы тажрыйбаларынын бөлүшүлүшү темасында иш алып барат.

Мухаммет Седат Колжуоглу Дүйнөлүк банктын колдоосу жана айылдарды өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында Өзбекстанда фермерлерди окутуу программаларын иштеп чыгууга жана өлкө боюнча башка фермерлерди окутуу борборлорун түзүүгө жетекчилик кылат.



Тектеш кабарлар