Алиев Түркиянын Бакудагы элчиси Өзоралды "Достук ордени" менен сыйлады

Алиев Өзоралды кабыл алды.

1618550
Алиев Түркиянын Бакудагы элчиси Өзоралды "Достук ордени" менен сыйлады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзоралды "Достук ордени" менен сыйлады.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда Алиев Өзоралды кабыл алды.

Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Өзоралдын кызмат мөөнөтү аяктагандыгын эске салып, Азербайжандагы ишмердүүлүгүнөн улам ыраазычылык билдирди.

Өзоралдын Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүшү үчүн чоң иштерди жасагандыгын баса белгилеген Алиев, Карабах согушунда Түркиянын Азербайжанга колдоосун эч качан унутпай тургандыктарын билдирди.

Алиев Азербайжанда элчи жана түрк жараны катары мактоого татыган Өзоралды Түркия-Азербайжан мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымынан улам өлкөнүн эң маанилүү мамлекеттик сыйлыктарынын бири "Достук ордени" менен сыйлады.

Элчи Өзорал бул орденди алганына сыймыктангандыгын билдирип, Алиевге ыраазычылыгын билдирди.

Өзорал эки өлкөнү эч качан бири-биринен бөлбөгөнүн жана Азербайжанды өз мекениндей көргөнүн баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар