Түрк Кеңеши «Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин» түзүүнү максаттоодо

Амреев 31-мартта онлайн режиминде боло турган Түрк Кеңешинин расмий эмес саммитинин алдында баа берди.

1611515
Түрк Кеңеши «Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин» түзүүнү максаттоодо

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) башкы катчысы Багдад Амреев,«Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин» түзүүнү максат кылышкандыгын билдирди.

Амреев 31-мартта онлайн режиминде боло турган Түрк Кеңешинин расмий эмес саммитинин алдында баа берди.

Амреев, күзүндө Стамбулда өтүүчү расмий саммиттин даярдык мүнөзүндө болгон онлайн саммитке, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен катар байкоочу статусундагы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү катыша турганын айтты.

Түрк Кеңешинин Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин түзүүнү максат кылып жаткандыгын белгилеген Амреев: «Лидерлер Карабахтагы (Азербайжан) жеңиштен кийин биринчи жолу ушул саммитте жолугушат. Андыктан бул саммиттин элдин алдында мааниси барган сайын жогорулоодо»,-деди.

Амреев саммиттин күн тартибинде Казакстандын Түркстан шаарын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялоо күн тартипте экендигин билдирди.

Амреев түрк дүйнөсүндөгү Стамбул, Самарканд, Бухара, Шуша, Баку жана Алматы сыяктуу башка шаарлар дагы келечекте өзгөчө макамга ээ болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Расмий эмес саммитте «Түрк Кеңешинин Стратегиясы 2020-2025 жана Түрк Дүйнөсүнүн Көз карашы - 2040» талкууланат.



Тектеш кабарлар