Түркстан "Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору" болот

Түркистан аймагы Европа менен Азияны байланыштырган Тарыхый Жибек жолунун багытында жайгашууда.

1609086
Түркстан "Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору" болот

Казакстанда үч жыл мурун Түркстан аймагынын борбору деп жарыяланган байыркы Түркистан шаары түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий борбору катары кайрадан жанданууда.

2 миң жылдык тарыхы бар Түркстан шаары Казак хандыгынын борбору болгон.

Түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Хожа Ахмет Йесеви да жашаган Түркистан бир эле учурда Борбордук Азиядагы исламдашуу процессине кызмат кылган.

2 миллиондон ашуун калкы бар Түркистан аймагы Европа менен Азияны байланыштырган Тарыхый Жибек жолунун багытында жайгашууда.

Кылымдар бою Тарыхый Жибек жолунун руханий, саясий жана соода жашоосунун негизин сактап келген Түркстан 1991-жылы Казакстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин жандана баштаган.

Түркистан аймагы 2018-жылдын 19-июнунда туңгуч президент Нурсултан Назарбаев кабыл алган жарлыктын негизинде борборлоштурулган статуска ээ болду.

2021-жылдын 31-мартында боло турган Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын расмий эмес саммитинде Түркстанга "Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору" статусун берүү пландаштырылууда.



Тектеш кабарлар