Алиев Шушада Нооруз отун жандырды

Алиев Нооруз отун жандырып элге кайрылуу жасады.

1605038
Алиев Шушада Нооруз отун жандырды
aliyev susa nevruz atesi1.jpg
aliyev susa nevruz atesi1.jpg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын баскынчылыгынан бошотулган Карабахтын символу болгон Шушада Нооруз отун жандырды.

Алиев, жубайы Михрибан Алиева жана кызы Лейла Алиева менен Шушанын түштүгүндөгү Жыдыр түздүгүндө Нооруз отун жандырып элге кайрылды.

Ноорузду бир күнү сөзсүз Карабахта майрамдайбыз деп көп жылдардан бери айтып келгендигин эске салган Алиев: «Ошол күн келди. Бүгүн биз Ноорузду өлкөбүздүн маданий борбору Шушада белгилеп жатабыз. Бул тарыхый окуя, чоң бакыт. Аллах Азербайжан элинин дубаларын укту», деди.

Илхам Алиев жерлерди кан төгүү менен алышканын баса белгилеп, шейиттерди таазим кылып эскергенин айтты.

Армяндардын басып алуу мезгилинде Азербайжандын шаарлары менен айылдарын талкалап, талап-тоногондугун баса белгилеген Алиев, Шушаны жана оккупациядан бошотулган бардык айылдар менен шаарларды калыбына келтире тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар