Өзбекстан авиакампаниясы Үргенч - Стамбул каттамын баштайт

Учурда Өзбекстан аба жолдору Ташкент - Стамбул-Ташкент каттамдарын күн сайын ишке ашырууда.

1601407
Өзбекстан авиакампаниясы Үргенч -  Стамбул каттамын баштайт

Өзбекстан авиакомпаниясы 28-марттан баштап Үргенч менен Стамбулдун ортосундагы каттамдарын  баштайт.

Өзбекстандын транспорт министрлиги  берген маалыматта  Өзбекстан аба жолдору 28 - марттан баштап Үргенч-Стамбул-Ургенч каттамын баштай турганы жана каттамдын жумасына бир жолу болору белгиленди.

Билдирүүдө биринчи рейстин 28 - март күнү жергиликтүү убакыт боюнча 07.30да Үргенч аэропортунда өткөрүлө турган аземден кийин жолго чыгары белгиленди.

Ошондой эле,  Өзбекстан аба жолдору 2017 -жылдын октябрь айында башталган, бирок коронавирус эпидемиясына байланыштуу 2020 - жылдын март айында токтотулган Самарканд - Стамбул каттамдарын улантат.

Жумасына үч жолу боло турган Самарканд -Стамбул каттамы 29 - мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.05те учат.

Учурда Өзбекстан аба жолдору Ташкент - Стамбул-Ташкент каттамдарын күн сайын уюштурууда.

Өткөн аптада Өзбекстанда жолугушууларды өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки тараптын ортосундагы транспортту жеңилдетүү маселесин өзбек тарап менен дагы талкуулашканын белгилеп, Түрк аба жолдору жана Өзбекстан аба жолдору менен менчик фирмалардын  түрдүү шаарларга каттам санын көбөйтүү тууралуу сүйлөшкөндөрүн маалымдаган.



Тектеш кабарлар