Элчи К.Өмүралиев Анкарадагы оорукана шаарчасынын башкы дарыгери менен жолукту
Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы оорукана шаарчасынын башкы дарыгери Азиз Ахмет Сүрел менен жолугушту.
1574262
2021-жылдын 25-январында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы оорукана шаарчасынын башкы дарыгери Азиз Ахмет Сурел менен жолугушту.
Кыргыз тараптын демилгеси менен өткөн жолугушууда, тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ооруканада дарылануу маселесин талкуулашты.
Тактап айтканда, Элчи К.Өмүралиев учурда оор абалда ооруканада жаткан Кыргыз Республикасынын жаранынын дарылануусуна жардам берүү өтүнүчүн билдирди.
Өз кезегинде Азиз Ахмет Сурел бейтаптын дарылануусунда ар тараптуу жардам көрсөтөөрүнө жана көңүл бураарына ишендирди.
Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.