Казакстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болду

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы, 2021-жылдын 10-январында өткөн парламенттик шайлоосунун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.

1561947
Казакстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болду

Казакстанда парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары белгилүү болду. Парламентте "Нур-Отан" партиясынан 76, "Ак Жол" партиясынан 12 жана Казакстан элдик партиясынан 10 депутат 5 жыл кызмат кылышат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы, 2021-жылдын 10-январында өткөн Казакстандагы парламенттик шайлоосунун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.

Ага ылайык добуштардын 71,09 пайызын алган “Нур Отан” партиясы, 10,95 пайызын алган “Ак Жол” партиясы жана 9,10 пайызын алган “Казакстан элдик партиясы” парламентке өтүштү.

Парламентте "Нур-Отан" партиясынан 76, "Ак Жол" партиясынан 12 жана Казакстан элдик партиясынан 10 депутат 5 жыл кызмат кылышат.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин учурунда болуп өткөн биринчи парламенттик шайлоодо 7 миллион 241 миң 562 шайлоочу добуш берди.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери биринчи жолу Конституцияда белгиленген датада өткөрүлгөн шайлоодо 5 партиядан 90у аялдардан турган жалпы 312 талапкер ат салышты.



Тектеш кабарлар