Азербайжандын газы Европага жетти

Азербайжандын газы Европанын рынокторуна түздөн-түз куур жолу аркылуу жетти.

1555424
Азербайжандын газы Европага жетти

Азербайжан газын Европанын рынокторуна жеткирген Транс-Адриатикалык газ кууру (ТАП) аркылуу соода газынын агымы башталды.

Тарыхта биринчи жолу Азербайжандын газы Европанын рынокторуна түздөн-түз куур жолу аркылуу жетти.

TAП, Транс Анадолу жаратылыш газ түтүгү (ТАНАП) жана Түштүк Кавказ түтүгү менен биргеликте 40 миллиард долларлык нарк чынжыры болгон Түштүк газ коридорунун Европа багытын түзөт.

Азербайжандын Шах Дениз 2 кенинен чыгарылган газды Европага жеткирүү үчүн курулган TAП, Түркия-Греция чек арасында ТАНАПка байланыштырылган болчу.

ТАПтын курулушу 4,5 жылдан кийин 13-октябрда бүттү.

TAПтын Греция (550 чакырым), Албания (215 чакырым) жана Адриатика деңизинен (105 чакырым) кесип өтүп Италияга (8 чакырым) жыл сайын 10 миллиард кубметр газды жеткириши пландалууда.



Тектеш кабарлар