Азербайжанда шейит аскерлердин жана жакындарынын насыя карыздары жоюлду

Азербайжан армиясынын согушта 2800дөн ашуун аскери шейит болгон.

1549931
Азербайжанда шейит аскерлердин жана жакындарынын насыя карыздары жоюлду

Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабахта жерлерин оккупациядан сактап калуу үчүн жүргүзгөн операциясында шейит болгон 830 аскердин насыя карыздарынын жоюлгандыгы маалымдалды.

Азербайжандын Борбордук банкынын билдирүүсүндө, шейит болгон жоокерлердин банктарга болгон карыздарынын пайыздары менен жоюлгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө 286 шейиттин тууганы менен жарадар болгон 1323 аскер жана Армениянын кол салууларында каза болгон 15 карапайым тургун менен жаракат алган 9 жарандын да карыздарынын жоюлгандыгы белгиленди.

Азербайжан армиясы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаардын борборун, 4 кыштак жана 286 айылды куткаргандан кийин Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупацияланган Агдам, Лачин жана Келбежер аймактарынан чыгып кетүүнү убада кылган келишимге кол койгон болчу.

Азербайжан армиясынын согушта 2800дөн ашуун аскери шейит болгон.



Тектеш кабарлар