Азербайжан армиясынан Карабахта 2802 аскер шейит болду

Азербайжандын коргоо министрлиги 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилишин кабыл алган келишимге кол коюу менен аяктаган согуштагы жоготуулар жөнүндө маалыматты жаңылады.

1549372
Азербайжан армиясынан Карабахта 2802 аскер шейит болду

Тоолуу Карабахта аймактарын оккупациядан бошотуу үчүн жүргүзүлгөн операцияда Азербайжан армиясынан 2802 аскер шейит болду.

Азербайжандын коргоо министрлиги 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилишин кабыл алган келишимге кол коюу менен аяктаган согуштагы жоготуулар жөнүндө маалыматты жаңылады.

Буга чейин 2 миң 783 деп жарыяланган шейиттердин саны, кээ бир сөөктөрдүн табылышы жана алардын ким экендигин аныктоо менен 2 миң 802ге чейин көбөйгөнү белгиленди.

Азырынча шейит болгон аскерлердин 60тан ашыгынын өздүгү тактала электиги айтылган билдирүүдө, аларды аныктоо аракеттери жүрүп жатат жана болжол менен 40 аскердин дайынсыз жоголгону жана аларды издөө иштери улантылып жаткандыгы белгиленди.

Министрлик ошондой эле жерге берилген шейит кеткен аскерлердин тизмесин коомчулук менен бөлүштү.

Азербайжан армиясы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаар борбору, 4 район жана 286 айыл бошотулгандан кийин, Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупацияланган Агдам, Лачин жана Келбежер провинцияларын эвакуациялоону убада кылган келишимге кол койду.

Армян армиясы 20-ноябрда Агдамдан, 25-ноябрда Келбежерден жана 1-декабрда Лачинден чыгып кетти.



Тектеш кабарлар