Азиз Санжардан Армениянын кол салуусунда ата - энесинен ажыраган Хатижеге жардам

17 -  октябрдагы кол  салууда Хатиже урандылардын астынан куткарылып, ата  - энеси жана 1 жарым жаштагы сиңдиси  каза болгон.

1532724
Азиз Санжардан Армениянын кол салуусунда ата  - энесинен ажыраган Хатижеге жардам

Нобель сыйлыгынын ээси түрк окумуштуу Азиз Санжар Армениянын баллистикалык ракеталар менен Генже шаарына жасаган кол салуусунда ата  - энесинен ажыраган Хатиже Шахнезерованын билим алуусу үчүн материалдык жардам берди.

Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги AZERTACда орун алган кабарда Санжардын Азербайжандын Генже шаарына Армения тарабынан атылган ракета тууралуу кабарлардан таасирленгендигин, согушта жапа тарткан балдардын билим алуусу үчүн фонддордун түзүлүшүнүн пайдалуу болорун сунуш кылгандыгы белгиленди.

Кабарда АКШда жашаган Азиз Санжардын Армениянын 17 -  октябрда Генжеге жасагана ракеталуу кол салуусунда ата  - энесинен ажыраган 3 жаштагы Хатиженин билим алышы үчүн ачылган эсепке багыш бергендиги билдирилди.

Армения Генжеге 2 жолу ракеталык кол салып, бул кол салууда 26 жаран каза болгон.

17 -  октябрдагы кол  салууда Хатиже урандылардын астынан куткарылып, ата  - энеси жана 1 жарым жаштагы сиңдиси  каза болгон.



Тектеш кабарлар