Кыргызстанда эл дагы нааразычылык акциясына чыкты

Кыргызстанда президенттик башкаруу тутумуна өтүүнү караган Баш мыйзамдын долбооруна нааразычылык билдирилди.

1532054
Кыргызстанда эл дагы нааразычылык акциясына чыкты

 

Кыргызстанда президенттик башкаруу тутумуна өтүүнү караган Баш мыйзамдын долбооруна нааразычылык билдирилди.

500гө жакын адамдан турган топ конституциянын долбоорундагы айрым беренелерге көңүл буруу үчүн Бишкек вокзалынан шаардын борборундагы Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасашты.

«Реформа» жана «Ата Мекен» саясий партияларынын мүчөлөрү, ошондой эле айрым президенттикке талапкерлер катышкан жүрүштө «Биз Хан конституциясына каршыбыз» жана «Конституциянын долбоору артка тартылсын» деген баннерлер көтөрүлдү.

Конституциялык долбоорго баа берген президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз: «Биз элибиздин жыргалчылыгын көтөрө турган конституцияга каршы эмеспиз. Бирок конституцияны коркутуу менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Бизге парламенттик башкаруу системасы керек»,-деди.

Өлкөдө Элдик Курултай деп аталган жаңы органды түзүүнү жана мамлекет башчысын кеңири ыйгарым укуктар менен камсыздоону караган жаңы конституциялык долбоор талкууга ачылып, «Конституцияны макулдашуу комиссиясы» түзүлдү.

Конституциялык өзгөртүүнү күн тартибине алып чыккан депутаттар, конституциялык референдумду президенттик шайлоо боло турган 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунушташты.

Кыргызстан 1991-2010-жылдар аралыгында президенттик башкаруу менен башкарылып, өлкөдөгү эки элдик ыңкылаптан кийин, 2010-жылдагы конституциялык референдум менен парламенттик башкаруу артыкчылыкка ээ болгон.

Өлкөдө 1,5 ай мурун өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн уюштурулган нааразычылык акциялары элдик толкундоолорго айланып, түрмөдөн бошотулган соң премьер-министрдин креслосуна отургузулган, учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаров жаңы конституция элдин талабы болгонуна жүйө келтирген.



Тектеш кабарлар