Армения жеңилгенин мойнуна алды

Азербайжан армиясы, Тоолуу Карабахтагы 30 жылдык армян баскынчылыгын токтотуу үчүн 27-сентябрдан бери операция жүргүзүп жаткан эле.

1524841
Армения жеңилгенин мойнуна алды

Армения, Тоолуу Карабахта Азербайжанга жеңилгенин мойнуна алды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Биз Россия жана Азербайжан менен (Тоолуу Карабахтагы) согушту токтотуу үчүн макулдаштык»,- деди.

Пашиняндын билдирүүсүндө: «Россиянын лидери Владимир Путин жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен ок атышууну токтотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол койдук. Менин башка тандоом жок болчу. Бул мен жана Армения эли үчүн өтө оор» дегени көңүлдөрдү бурду.

Армениянын премьер-министри: «Бул чечим, терең талдоо жүргүзүүнүн жана аскердик кырдаалды билген адамдардын баа берүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды»,-деди.

Пашинян өзүнө каршы элдин нааразычылыгына да токтолуп: «Элди көтөрүлүшкө алып барган ар бир адам жоопко тартылат»,-деп айтты.

Ал арада, Пашинянга каршы нааразычылыктар Арменияда айрыкча борбор калаа Ереванда уланып жатканда, буга чейин өкмөттүн имаратына кирип барган митингчилер бул ирет парламенттин имаратына барып премьер-министрге каршы ураандарды кыйкырышты.

Парламенттин трибунасына чыккан айрым демонстранттар Карабахтагы кагылышууларды улантууга чакырышты.

Азербайжан армиясы, Тоолуу Карабахтагы 30 жылдык армян баскынчылыгын токтотуу үчүн 27-сентябрдан бери операция жүргүзүп жаткан эле.



Тектеш кабарлар