Азербайжан армиясы 23 айылды дагы армян оккупациясынан бошотту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясынын дагы 23 айылды Армениянын оккупациясынан куткаргандыгын жарыялады.

1524499
Азербайжан армиясы 23 айылды дагы армян оккупациясынан бошотту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясынын дагы 23 айылды Армениянын оккупациясынан куткаргандыгын жарыялады. Алиев твиттерден берген билдирүүсүндө :  "Жеңишке жетишкен Азербайжан армиясы, Физулинин Гобу Дилагарда, Ял Пирахметли, Йукари Ягвенд, Дилагарда, Сейид Махмудлу жана Элесгерли, Хожалынын Демиржилер, Чанакчы, Медеткенд жана Сыгнак, Хожавендинин Сусанлык, Доми, Туг, Акаку жана Азих, Жебраил, Гусейнандарда, Сөйдүлү жана Ашык Сирик, Губадлынын Йукары Моллу, Ашхоллу жана Хочик Зенгиландын Кечикли жана Өрдекли айылдарын оккупациядан куткарды. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжандыкы,- деп билдирди.

27-сентябрда Тоолуу Карабахта башталган операцияда Азербайжан армиясы 5 шаар борборун, 3 шаарды жана 240 айылды жана айрым маанилүү дөбөлөрдү Армениянын оккупациясынан бошотту.



Тектеш кабарлар