Азербайжан армиясы армян армиясына катуу жооп кайтарууда

Армян аскерлеринин фронттун айрым жерлеринде артка чегинүүгө аргасыз болгону айтылды.

1520786
Азербайжан армиясы армян армиясына катуу жооп кайтарууда

Азербайжан армиясы, фронттун ар кайсы багыттарында түнү бою азербайжандык аскерлерге жана конуштарга ок чыгарган армян армиясын жоготууларга учуратканын билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулардын негизинен фронттун Агдере, Хожавенд, Зенгилан жана Губадлы багыттарында уланганы белгиленди.

Акыркы 24 сааттын ичинде фронттун ар кайсы жерлеринде армян армиясына таандык 4 "Град" ракеталык системасы, 1 KUB зениттик тутуму, 9 ар кандай артиллерия, 2 ок-дары жүктөлгөн унаанын жок кылынгандыгы жана көптөгөн аскердик кызматкердин зыянсыздандырылганы кабарланды.

Армян аскерлеринин фронттун айрым жерлеринде өздүк курамын жана аскердик техникасын жоготуп, артка чегинүүгө аргасыз болгону айтылды.

Фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

Ошол эле учурда, Азербайжан армиясы фронтто чалгындоо учуусун аткарып жаткан армян тактикалык учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү.



Тектеш кабарлар