Азербайжан армиясы Армения күчтөрүн оор жоготууга учуратууда

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, кагылышуулардын негизинен Агдере, Агдам, Хожавенд жана Губадлы багыттарында улантылганы белгиленди.

1519510
Азербайжан армиясы Армения күчтөрүн оор жоготууга учуратууда

Азербайжан армиясынын, ок атышпоо режимине карабастан фронттун ар кайсы багыттарындагы азербайжандык аскерлерге жана конуштарга ок чыгарышкан армян армиясын чоң жоготууларга учуратканы маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, кагылышуулардын негизинен Агдере, Агдам, Хожавенд жана Губадлы багыттарында улантылганы белгиленди.

Акыркы 24 саатта фронттун ар кайсы жерлеринде Армения армиясына таандык 1 брондолгон жөө аскер унаасы, 2 "Град" ракеталык тутуму, 8 түрдүү артиллериялык замбирек, 2 байланыш мунарасы жана 5 автоунаа талкаланып, көп сандаган аскер кызматкерлери зыянсыздандырылды.

Фронт Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар