Азербайжан армиясы көп сандаган бутаны жардырды

Азербайжан армиясы Армения күчтөрүн жоготууга учуратты.

1518006
Азербайжан армиясы көп сандаган бутаны жардырды

Азербайжан Арменияга таандык 2 су  - 25 аскердик учагын атып түшүрдү. 

Азербайжан коргоо министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:18 жана 13:20 чамаларында фронттун Губадлы багытында Арменияга таандык 2 Су  - 25 аскердик учагынын Азербайжан позицияларына кол салгандыгы белгиленди. Маалыматта эки учактын да Азербайжан абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жардырылгандыгы белгиленди. 

Азербайжан армиясы  ок атышпоо режимине карабастан фронттун түрдүү багыттарында түнү менен Азербайжан аскерлерине жана отурукташуу жерлерине ок аткан Армения күчтөрүн жоготууга учуратты.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта кагылышуулардын эң көп Хожавент, Фузули жана Губадлы багыттарында улантылып жаткандыгы белгиленди.

Фронттун түрдүү бөлүктөрүндө Армения армиясына таандык  2 Т  - 72 танкасы, 2 Град ракета системасы, бир канча пункт менен 6 унаанын жардырылгандыгы билдирилди. Фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

Министрлик өзгөчө Армения армиясынын кээ бир жогорку чиндүү аскерлеринин жок кылынгандыгын, алардын бирөөсүнүн  кургак жер күчтөрүнүн Биринчи армия командиринин орун басары Артур Саркисян экендигин жарыялады. 



Тектеш кабарлар