Азербайжан армиясы дагы 13 айылды Армениянын оккупациясынан бошотту

Бул туурасында Азербайжандын президенти Алиев билдирүү жасады.

1517645
Азербайжан армиясы дагы 13 айылды Армениянын оккупациясынан бошотту

Азербайжан армиясынын дагы 13 айылды Армениянын оккупациясынан бошоткону маалымдалды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Зенгилан, Физули, Жебраил жана Губадлыда дагы 13 айылдын армян баскынчылыгынан бошотулганын жарыялады.

Алиев Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Зенгиландын Биринчи Агалы, Экинчи Агалы, Үчүнчү Агалы, Зернели; Физулинин Мандылы; Жебраилдин Казанземи, Ханагабулак, Чүллү, Кушчулар, Караагач жана Губадлынын ы Кыяслы, Эдилже жана Кылыжан айылдарынын армян баскынчылыгынан куткарылганын айтты.

Алиев билдирүүсүн: «Жашасын Азербайжан армиясы! Карабах Азербайжан болуп эсептелет!» - деп жыйынтыктады.

Азербайжан армиясы Тоолуу Карабахта 27-сентябрда башталган операцияда 4 шаардын борборун, 3 кыштак жана 170 айылдын тегерегин жана айрым маанилүү дөбөлөрдү Армениянын оккупациясынан бошоткон болчу.



Тектеш кабарлар