Түркиянын коргоо министри Өзбекстанга барды

Министр Акарды Өзбекстандын коргоо министри Бахадыр Курбанов аскердик азем менен тосуп алды.

1516868
Түркиянын коргоо министри Өзбекстанга барды
akar özbekistan 4.jpg
akar özbekistan 3.jpg
akar özbekistan 2.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Өзбекстан менен болгон мамилелерде абдан олуттуу өнүгүүлөргө жетишилгенин айтты.

Пакистан жана Казакстандагы жолугушууларынан кийин Акар Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке расмий иш сапары менен барды.

Өзбекстандын коргоо министри Бахадыр Курбанов министр Акарды Коргоо министрлигинде өткөн аскердик азем менен тосуп алды.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин эки министрдин төрагалыгы астында өткөн делегациялар аралык жолугушуунун ачылышында сөз сүйлөгөн Акар, эки өлкөнүн карым-катнаштарына маани беришкендиктерин белгилеп: «Биз мамилелерибизди бардык тармакта өркүндөтүүгө аракет кылуудабыз. Бул соода, экономикалык, социалдык, саясий карым-катнаштарды жана албетте аскердик мамилелерди да камтыйт. Биз бул мамилелерде өтө олуттуу өнүгүүлөргө жетиштик»,- деп айтты.

Өзбекстандын коргоо министри Бахадыр Курбанов болсо Түркия менен Өзбекстанды тили жана дини бир боордош эки өлкө деп мүнөздөп: «Мамлекеттерибиздин ортосунда ылдам өнүгүп жаткан карым-катнаштарыбыздын негизинде аскердик мамилелерибиз да тездик менен өнүгүп жатат»,- деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин жабык эшик артында өткөн жолугушуунун аягында Акар менен Курбанов тарабынан Аскердик каржылык кызматташтык келишимине жана Накталай жардам берүү протоколуна кол коюлду.

Өзбекстандын коргоо министри Бахадыр Курбанов менен жолугушкандан кийин Акар Симпозиум сарайына барып, Өзбекстан Коопсуздук Кеңешинин баш катчысы Виктор Махмудов менен кезикти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акар аскердик билим берүү жана коргонуу өнөр жай тармактарындагы мамилелерди да арттыруу зарылдыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар