Азербайжан армиясы Армениянын аскерлерин сүрүп чыгарууда

Фронттогу кырдаалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги белгиленди.

1516539
Азербайжан армиясы Армениянын аскерлерин сүрүп чыгарууда

Армян армиясы, ок атышпоо режимине карабастан фронттун ар кайсы багыттарындагы азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок чыгарды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуулар негизинен фронттун Хожавенд, Физули жана Губадли багыттарында улантылганы белгиленди.

Азербайжан аскерлери Армения армиясынын чабуул аракетин алдын алышты жана жоготууларга учураган армян аскерлерин артка кайтарышты.

Азербайжан армиясы тарабынан Армениянын көп сандаган курал-жарактарынын жок кылынгандыгы жана аскер кызматкерлеринин таасирсиз кылынгандыгы маалымдалды.

Фронттогу кырдаалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги белгиленди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Азербайжан менен Армения макулдашты деп жарыялаган Тоолуу Карабахтагы убактылуу гуманитардык ок ​​атышпоо келишими 26-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө күчүнө кирген болчу.



Тектеш кабарлар