Армения үчүнчү жолу жарыяланган ок атышпоо режимин бузду

Армения армиясы ок атышпоо режимин бузуп Азербайжан аскерлерине жана Тертер облусундагы жарандык отурукташуу жерлерине ок атты.

1515839
Армения үчүнчү жолу жарыяланган ок атышпоо режимин бузду

 Армения армиясы ок атышпоо режимин бузуп Азербайжан аскерлерине жана Тертер облусундагы жарандык отурукташуу жерлерине ок атты.

Азербайжандын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армения армиясынын 08:05 минута өткөндө убактылуу адамзаттык ок атышпоо режимин бузуп басып алган Лачын шаары багытынан Лачындын Сефиян  айылына жайгашкан Азербайжан бөлүктөрүнө ок аткандыгын жарыялады.

Министрлик Азербайжан армиясынын фронт боюнча ок атышпоо эрежесин толугу менен аткаргандыгын билдирди.

Азербажандын вице  - президенти Хикмет Хажыев да Армения армиясынын 08:04 минута өткөндө Тертерге жана айылдарына артиллериялык атууларды ишке ашыргандыгын билдирди.

Хажыев жарыяланган ок атышпоо режиминин бузулушунан Армениянын жооптуу экендигин айтты. Армениянын 10 - 18 -  октябрда жарыяланга ок атышпоо режимдерин да бузгандыгын белгилеген Хажыев : "Булардын баары Армениянын адамзаттык ок атышпоону  колдогондугун, ок атышпоо режимин Азербайжан бөлүктөрүнө жана отурукташуу жерлерине ок атуу, күч топтоо жана жаңы позицияларга ээ болуу үчүн колдонгондугун дагы бир жолу көрсөттү. Армениянын максаты оккупациялык абалды коргоо жана күчтөндүрүү. Азербайжан тарабы кылдаттык менен мамиле кылууда. Адамзаттык ок атышпоо режиминин бузулгандыгына байланыштуу маалыматтар чогултулууда жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск группасынын тең төрагасы өлкөлөргө маалымат берилүүдө. Ок атышпоо режиминин бузулушунан Армения жооптуу",- деди. 

Ошол эле учурда Азербайжан коргоо миннистрлигинен берилген башка бир билдирүүдө да Армения армиясынын бардык фронт боюнча жана эки өлкөнүн чек арасындагы Азербайжан бөлүктөрү менен жарандык отурукташуу жерлерине ок аткандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө Армениянын Берд, Чембек жана Варденис аймактарынан  Азербайжандын Товуз, Гедебей жана Дашкесен аймактарына ок атылганы билдирилди. 

Армения армиясынын Тертер, Агдам, Физули, Лачин жана Губадли багыттарында жайгашкан Азербайжан аскерлерине ок атканы маалымдалды. 

Америка Кошмо Штаттары Азербайжан менен Армения макулдашты деп жарыялаган Тоолуу Карабахтагы убактылуу адамзаттык ок ​​атышпоо келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00дө күчүнө кирген.



Тектеш кабарлар