Азербайжан армиясы көзөмөлүндөгү аянтты дагы кеңейтти

Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, операциялардын түнү бою Агдере, Хожавенд, Физули, Хадрут, Губадлы жана Лачин багыттарында ар кандай күч менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

1515399
Азербайжан армиясы көзөмөлүндөгү аянтты дагы кеңейтти

Азербайжан армиясынын өз жерин сактап калуу үчүн баштаган операциялары уланып жатканы маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, операциялардын түнү бою Агдере, Хожавенд, Физули, Хадрут, Губадлы жана Лачин багыттарында ар кандай күч менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

Армения аскерлеринин танктар, артиллерия жана минометтер менен ок атышканы, Азербайжан армиясы болсо операция планына ылайык негизги багыттар боюнча иш-аракеттерин улантып, көзөмөлгө алынган аймактарды кеңейткендиги белгиленди.

Билдирүүдө Хожавенд, Губадлы жана Лачин аймактарындагы армян күчтөрүнүн каршылыгын солгундаткан Азербайжан армиясынын ар кандай багытта жаңы ийгиликтерге жетишкендиги, Агдере жана Хожавенд багытында чоң жоготууларга учураган армян армиясынын ок-дарыларынын түгөнгөнү жана артиллериялык батареяларынын талкаланганы кабарланды.

Губадлыга алынып келинген 543-полктун 1-батальонунун персонал күчүн жана аскердик техникасын жоготуу менен артка чегинип, Армениянын Котайк провинциясындагы Цагкадзор шаарынан Тоолуу Карабахка жөнөтүлгөн аскерлердин көпчүлүгү зыянсыздандырылганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынын фронттун ар кайсы багыттарында армян күчтөрүнө таандык 2 танк, 2 брондолгон унаа, 4 Д-30 гаубица, 1 2A36 Giasint-B замбиреги жана 7 автоунааны жок кылганы белгиленди.

Кагылышуулар фронт бою уланып, кырдаал Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги айтылган.



Тектеш кабарлар