Азербайжан армиясы Армениянын 4 учкучсуз учуучу аппаратын жок кылды
Арменияга таандык учкучсуз учуучу учактар Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлдү.
1514515
Азербайжан армиясы Армениянын 4 учкучсуз учуучу аппаратын жок кылды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Арменияга таандык 2 учкучсуз учуучу учактын Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.00-09.00 чамасында атып түшүрүлгөндүгү белгиленди.
Билдирүүдө, 2 учкучсуз учуучу учактын да техникалык аппараттар менен жерге түшүрүлгөнү кабарланды.