Азербайжан:«Армяния кластердик бомба жана баллистикалык ракеталар менен жарандарды атты»

Элчи Хасанов, Федералдык басма сөз борборундагы маалымат жыйынында Азербайжан эч качан карапайым жарандарды бутага алган эмес деп билдирди.

1513499
Азербайжан:«Армяния кластердик бомба жана баллистикалык ракеталар менен жарандарды атты»

Азербайжан армян армиясы катардагы жарандарга кластердик бомба жана баллистикалык ракеталарды колдонуп кол салганын жарыялады.

Азербайжандын Берлиндеги элчиси Рамин Хасанов, Армения менен болгон кагылышууда анын өлкөсү кластердик бомбаларды колдонду деген айыптоолорду четке кагып, бул армян пропагандасы экендигин айтты.

Элчи Хасанов, Федералдык басма сөз борборундагы маалымат жыйынында Азербайжан эч качан карапайым жарандарды бутага алган эмес деп билдирди.

Хасанов: «Азербайжан кластердик бомбаларды колдонот деген доомат Армениянын пропагандасы. Армения өзү жай тургундарга кластердик бомба жана баллистикалык ракеталарды колдонуп кол салууда»,- деди.

Түркия чыр-чатактын катышуучусу эмес жана бир дагы аскери бул кагылышууларда орун албаганын  Германиянын журналисттерине билдирген  Хасанов: «Түркия боордош өлкө. Түркия жана биз бир улут, эки мамлекетпиз. Түркия менен стратегиялык коопсуздук келишимибиз бар. Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды (NCV) сатып алдык. Биз ошондой эле Орусия менен Израилден алабыз. Түркиянын бул жерде кагылышунун тарабы болгонун  эч ким документтештире албайт»,-деп айтты.

Ливиялык жана сириялык согушкерлер Азербайжан үчүн согушуп жатат деген дооматтарды четке каккан Хасанов: «Биздин заманбап армиябыз бар. Бизде 100 миң жоокер бар. Бизге согушкерлердин же чет элдик аскерлердин кереги жок. Бирок армян пропагандасы аларды көп колдонуп жатат»,-деп айтты.

Хасанов, Тоолуу Карабах Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан Азербайжанга таандык деп катталгандыгын жана Армения Азербайжандын аймагын басып алгандыгын эске салып, «Азербайжан өз жерлеринде күрөшүп жатат. Армения баскынчы, ал биздин жерлерди басып алды. Биз жерлерибизди алуу үчүн согушуп жатабыз. Мында жашыра турган эч нерсе жок. Биз бул жерлерди тынчтык жолу менен кайтарып алууну көптөгөн жылдар бою талап кылдык, бирок Армения тынымсыз чабуул жасап, чагымчылдык кылып жатат»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар