Элчи К.Өмүралиев Түркиянын ички иштер министри менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп өттү.

1504887
Элчи К.Өмүралиев Түркиянын ички иштер министри менен жолукту
İç İşler Bakanı Soylu Büyükelçi Ömüraliev1.jpg
İç İşler Bakanı Soylu Büyükelçi Ömüraliev2.jpg

Ушул жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар "туризм" категориясындагы жашап турууга уруксаттын мөөнөтүн узартуу же Түркияда ар кандай максаттар менен жүргөн жарандар үчүн ушул категорияны башка категорияга өзгөртүү, ошондой эле Түркиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарга легалдаштыруу максатында жеңилдиктерди берүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Эл аралык терроризмге, адам сатууга ж.б. каршы күрөшүү боюнча иштин алкагында, Тараптар маалымат жана тажрыйба, ошондой эле КРнын жана ТРнын укук коргоо органдарынын ортосундагы делегациялардын иш-сапарлары менен алмашуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Мындан сырткары, Элчи К.Өмүралиев түрк тарапка Түркиянын аймагында кармалган жана каза болгон Кыргызстандын жарандары жөнүндө өз убагында маалымат берип туруу жана Түркиянын эмгек мыйзамдарын сактоо максатында Кыргызстандын жарандарын Түркияда жумушка орноштуруу менен алектенген топторго тиешелүү көзөмөлдү жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.

ТРнын Ички иштер министри С.Сойлу көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтөөрүнө ишендирди.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги

 



Тектеш кабарлар