Армения армиясы өз танкаларын атты

Армения аскерлери кээ бир позицияларда байланыштын үзгүлтүккө учурашы менен бири бирине ок атты.

1504618
Армения армиясы өз танкаларын атты

Азербайжан армиясы Армениянын 250 танка жана зоотуу унаасын, 270 артиллериялык жана ракета системасын, 8 ок – дары кампасын жардырды.

Азербайжан коргоо министрлигинин билдиргенине караганда Азербайжан армиясы алдыга жылууну улантып кээ бир позицияларды Армения күчтөрүнөн куткарды.

Көп сандаган Армения аскеринин жок кылынгандыгы, ок  - дары жана куралдарынын жардырылгандыгы билдирилген маалыматта : "Азербайжан армиясы 27 - сентябрдан 7 - октябрга чейин Армениянын 250 танка жана зооттолгон унаасын, 270 артиллериялык жана ракеталык системасы менен  60 абадан коргонуу системасы, 11 командалык, башкаруу жана байкоо зоналары, 8 ок - дары кампалары, 150гө жакын аскердик жүк ташуучу унаалары жана бир С  - 300 системасы талкаланды",- деп  билдирилди.

Бир тараптан Азербайжан Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда Армения аскерлери кээ бир позицияларда байланыштын үзгүлтүккө учурашы менен бири бирине ок атты. 

Армения артиллериясы жаңылыштык менен өздөрүнө таандык 3 танканы атты. 

 



Тектеш кабарлар