Азербайжан аскерлери Жабраил облусунда стратегиялык дөңсөөлөрдү көзөмөлгө алды

Азербайжан аскерлери фронт жолунун түрдүү жерлеринде бир канча стратегиялык дөңсөөнү да армян күчтөрүнөн тазалады.

1503648
Азербайжан аскерлери Жабраил облусунда стратегиялык дөңсөөлөрдү көзөмөлгө алды

Азербайжан армиясы басып алынган жерлерин куткаруу үчүн баштаган операцияда Жабраил облусунун 3 айылында жана кээ бир стратегиялык дөңсөөлөрдү көзөмөлгө алды.

Кечээ улантылган кагылышуулар Жабраил багытында катуу болду жана Азербайжан армиясы Шыхали Агалы, Сарыжалы жана Мезге айылдарын куткарды.

Азербайжан аскерлери фронт жолунун түрдүү жерлеринде бир канча стратегиялык дөңсөөнү да армян күчтөрүнөн тазалады.

Азербажандын президенти Илхам Алиев твиттерден : «Бүгүн Азербайжан армиясы Жебраил  облусунун Шыхали Агалы, Сарыжалы жана Мезре айылдары менен түрдүү жерлердеги бир канча стратеиялык дөңсөөлөрдү куткарды. Каарман армиябыздын ийгиликтүү операциясы улантылууда. Карабах Азербайжандыкы»,- деди.

Азербайжан аскерлери Армения армиясынын 4 Град ракета системасы менен 2 танкасын жардырды.

Азербайжан армиясынын алдыга жылышы улантылып, Армения армиясы да жарандык отурукташуу жерлерине оор куралдар менен ок атты. Өлкөнүн экинчи чоң шаары Генже менен Тертер, Агдам, Агжебеди, Бейлеган, Гөйгөл, Берде жана Горанбой облустарынын борборлору менен кээ бир айылдарды аткылады. Берде жана Агдамга жасалган кол салууда 2 жаран каза болду.

Ошол эле учурда Азербайжан башкы прокурорлугу тарабынан берилген маалыматка караганда Армениянын 27 -  сентябрдан берки кол салуусунда каза болгон азербайжандык жаран саны 27ге, жаралангандардын саны 141ге жогорулады. Кол салууда 376 турак жай менен 63 коомдук имарат зыян тартты.

Бир тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан биргелешкен маалыматка кол коюп, тараптарды кагылышууларды токтотууга чакырышты.

Россиянын президенти В. Путиндин Армениянын премьер  - министри Николь Папшинян менен тышкы иштер министри Лавров болсо азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Москва башкаруусу Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун Минск группасынын тең төрагаларынын катышуусу менен Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүн Москвада өткөрүүгө даяр экендерин тактады.



Тектеш кабарлар