Алиевдин Түркия тууралуу билдирүүлөрү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде Түркия менен болгон мамилеге баа берди.

1493831
Алиевдин Түркия тууралуу билдирүүлөрү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркия менен Азербайжандын биргелешкен аскердик машыгууларынан Армения бийлиги коркконун айтты.

Илхам Алиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде Түркия менен болгон мамилеге баа берди.

TANAP (Транс-Анадолу жаратылыш газ кууру долбоору) аркылуу Түркияга берилип жаткан жаратылыш газынын көлөмүнүн жыл сайын көбөйүп жаткандыгына көңүл бөлгөн Алиев: «Бир жыл мурун Түркиянын базарындагы Азербайжандын жаратылыш газы 4 жана 5-орунда болсо эми биринчи орунду ээледи. Бул биз үчүн дагы Түркия үчүн дагы абдан маанилүү. Себеби жаратылыш газы ар бир өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат. Бүгүнкү күндө жаратылыш газы Түркияга боордош өлкөдөн келип жатат жана бул газдын көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча кадамдар жасалат. Абшерон аянтынын экинчи этабынан чыгарылган газ да TANAP аркылуу Түркияга ташылат жана башка базарларга өткөрүлүшү  мүмкүн»,-деп айтты.

Алиев, июль айында Армения армиясынын Азербайжандын чек арасында (Товуз) кылган чагымчылдыгынан кийин  Түркиядан так колдоо билдирүүлөрү келгенине абдан кубангандарын белгилеп:  «Биринчиден, менин урматтуу бир тууганым Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыгымды билдирем. Түркия ар дайым Азербайжандын жанында экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бул Түркия-Азербайжан биримдигинин жана боордоштугунун көрүнүшү. Ошол эле учурда башка расмий адамдар дагы  Азербайжанга тилектештигин жана колдоосун кайталап жатышат. Бул дагы Түркиянын адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын жана  бир тууганынын жанында экендигин дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.

Азербайжандын дагы ар дайым Түркиянын жанында болорун бүткүл дүйнө билерин баса белгилеген Алиев: «Биздин биримдик биздин чоң байлыгыбыз. Түркия менен бизди орток тарыхы, орток этникалык теги, дини, тили менен маданияты айкалыштырат. Бул чоң байлык. Ушул байлыктын негизинде саясий, экономикалык, энергетикалык, транспорттук, маданий, аскердик болуп  бардык тармактарда бекем байланыштарды түздүк . /.../. Бүгүнкү күндө биз биргелешип иштебеген жана бири-бирибизди колдобогон тармак жок»,-деди.

Эки өлкө биргелешип өткөргөн аскердик машыгууларга да токтолгон Алиев: «Биз жыл сайын машыгууларды үзгүлтүксүз жасайбыз. Демек, бул жерде таң калыштуу эч нерсе жок. Ооба, бул жолу машыгуулар Товуз окуясына туш келди. Армения бул кокустукпу же жокпу деп ойлонуп жатат. Бул машыгуулар дагы бир жолу биздин биримдигибизди көрсөтүп турат. Нахечивандагы Азербайжан-Армения чек арасынан Ереванга чейин 80 чакырымдай алалык бар. Армениянын бийлиги муну билет жана бул аларды коркутат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар