ТРТнын башкы директору Эрен Түркмөнстандагы Эл аралык медиа форумга катышты

Ибрахим Эрен Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 25 жылдыгына карата өткөн Эл аралык Медиа форумга катышты.

1492575
ТРТнын башкы директору Эрен Түркмөнстандагы Эл аралык медиа форумга катышты

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, Түркмөнстандын Туруктуу бейтараптуулугунун 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн Эл аралык медиа форумга катышты.

Видеоконференция аркылуу өткөн форумга 68 мамлекеттен келген эл аралык жана аймактык медиа уюмдардын 300дөн ашуун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Азия-Тынч океан радио-телеберүү бирикмесинин (ABU) төрага орун басары катары форумга катышкан Ибрахим Эрен, Түркмөнстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган Түркиянын бир эле учурда Ашхабадда элчилигин ачкан жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптык статусун тааныган биринчи мамлекет экендигин билдирди.

Түркмөнстандын эл аралык деңгээлде таанылган саясий фигура болуп калгандыгын жана тарыхый аренада өз позициясын бекемдеп жаткандыгын белгилеген Эрен: «Сиздин идеяңыз же дипломатиялык позицияңыз канчалык күчтүү жана кадыр-барктуу болсо дагы, сизге биринчи кезекте билдирүүлөрүңүздү жайылтууга жана чыгарууга мүмкүнчүлүк берген күчтүү маалымат каражаттары керек», - деди.

Медианын эл аралык аренадагы маанисине токтолгон Ибрахим Эрен, бүгүнкү жолугушуу жана дүйнөнүн төрт бурчунан келген эл аралык медиа өкүлдөрү менен Түркмөнстандын бейтараптуулук саясатынын 25 жылдык ийгилигин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу ММКнын ийгиликтүү ойной турган ролуна байланыштуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар