Түрк жана Азербайжан армиялары кеңири масштабдуу машыгуу өткөрөт

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, машыгууга эки өлкөнүн кургактык жана аба күчтөрү катышат.

1462663
Түрк жана Азербайжан армиялары кеңири масштабдуу машыгуу өткөрөт

Түрк жана Азербайжан куралдуу күчтөрү Азербайжанда ар тараптуу биргелешкен аскердик машыгууну уюштурушат.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, машыгууга эки өлкөнүн кургактык жана аба күчтөрү катышат.

Аба күчтөрүнүн машыгуулары 29-июлда башталып 10-августта аяктайт. Эки өлкөнүн согуш учактары камтылган машыгуу Баку, Нахичеван, Генже, Күрдемир жана Евлахта улантылат.

Кургактык күчтөрүнүн машыгуусу 1-5-августта Баку жана Нахичеван шаарында өтөт. Машыгуу учурунда ар кандай буйруктар аткарылат, ошондой эле бронетранспортерлор, замбиректер жана минометтерден душмандын бутасына ок атылат.



Тектеш кабарлар