Түрк Кеңеши Түркияга ыраазычылык билдирди

Түркия коронавируска каршы күрөштө боордош түрк мамлекеттери менен бирге, дүйнө жүзү боюнча муктаж болгон өлкөлөргө жардам көрсөтүүдө.

1454654
Түрк Кеңеши Түркияга ыраазычылык билдирди

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) башкы катчысы Багдад Амреев, Түркиянын коронавируска каршы күрөштө боордош түрк мамлекеттери менен бирге, дүйнө жүзү боюнча муктаж болгон өлкөлөргө жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Амреев, Түркиянын коронавируска каршы күрөшүү максатында кеңешке мүчө өлкөлөргө жөнөткөн гуманитардык жардамдары жөнүндө билдирүү жасады.

Түрк Кеңешине мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык менен тилектештиктин мактоого арзырлык экенин белгилеген баш катчы Багдад Амреев, бул пандемиянын терс таасирлерин азайтуу жана бир тууган өлкөлөрдүн ушул илдетке чалдыккан жарандарын диагноздоо жана дарылоо үчүн керектүү жабдыктарга жетүүсүнө жардам берүү максатында Түркиянын Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгрия сыяктуу Түрк Кеңешине мүчө жана байкоочу өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөткөнүн айтты.

Түрк Кеңеше мүчө өлкөлөргө көрсөткөн жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирген Амреев, Түркиянын коронавируска каршы күрөштү ийгиликтүү жүргүзгөнүн жана ошол эле учурда боордош түрк мамлекеттерине гана эмес, дүйнө жүзүндө муктаж болгон өлкөлөргө жардам бергенин билдирди.



Тектеш кабарлар